Бүгүн Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдириди.
Анын билдирүүсүндө, саммиттин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар биргелешкен документтерди кабыл алары күтүлүүдө.
Ал эми КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Түз алып көрсөтүү саат 13:00дө башталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан