БУУ дүйнөнү Палестинага 294 миллион доллар жардам көрсөтүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгы 12-октябрда эл аралык коомчулукка кайрылып, палестиналыктарга 294 миллион доллар гуманитардык жардам чогултууну суранды. Мындай маалымат уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Уюмдун маалыматына ылайык, Газадагы жана Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги 1 миллион 200 миңдей адам гуманитардык жардамга абдан муктаж. Бул үчүн аларга 294 миллион доллар талап кылынат.

"Өткөн жылдары эл аралык коомчулук палестиналыктардын гуманитардык муктаждыктарына жакшы салым кошуп келишкен. Бирок 2023-жылы каржылоо маселеси татаалдашып, гуманитардык муктаждыктар күчөдү", - деп айтылат жарыяланган маалыматта.

Израиль менен Палестинанын ортосундагы жаңжалдын курчушу учурунда курман болгондордун саны 2500 кишиден ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан