Бишкекке Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан