Израилдин чабуулунан улам Газа тилкесиндеги ички жер которгондордун саны 423 миң 378 адамга жетти. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгы билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Газада 2,5 миңден ашуун үй кыйрап же жараксыз абалга келген. Ал эми 23 миңге жакын үй орточо же анча чоң эмес зыянга учураган",- деп билдирди БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик.
Анын айтымында, кеминде 88 билим берүү мекемеси жабыркаган.
БУУ буга чейин палестиналыктарга 294 миллион доллар гуманитардык жардам чогултууга чакырган. Бул Газа тилкесиндеги жана Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги 1 миллион 200 миңдей адамга жардам берүү үчүн колдонулат.
Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. Израиль 1,3 миңден ашуун жараны каза тапты деп билдирсе, Палестина 1,5 миңге жакын адам өлгөнүн билдирди. Учурда Израиль Газа тилкесине электр жарыгын жана суу берүүнү токтотуп, Газа тилкесин толук блокадага алган. БУУ жана дүйнөнүн бир нече өлкөсү Израиль бийлигинин аракеттерин сынга алууда.