Коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга келди.
“Манас” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын президентин Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.