Бүгүн, 13-октябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарында өтө турган КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
Жолугушууда өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле алар регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана Бишкекте өтө турган жыйын боюнча сүйлөшүштү.
"Мамлекет башчылары эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.