Бүгүн, 13-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн, энергетикалык тармактагы кызматташуунун кеңири спектри, ошондой эле алдыдагы аталган жыйындын күн тартиби талкууланды.
Мамлекет башчы Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары кароо менен Кыргызстан соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана сапаттуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Ошондой эле Жапаров акыркы эки жылда товар жүгүртүү өсүп, 82 миллион долларды түзгөнүн, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштар активдешкенин кошумчалады.
Садыр Жапаров кыргыз тараптын Түркмөнстан менен кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана арттырууга, бул потенциалды ачуу үчүн соода, инвестиция жана логистика жаатында келечектүү жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин айтты.
Өз кезегинде Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстан Түркмөнстан үчүн боордош мамлекет экенин баса белгилеп, өлкө менен эки тараптын тең кызыкчылыгындагы бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономика чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди. Жыйынтыгында эки өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташууну мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча макулдашты.