"Эмарк Групп" курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов соттун чечими менен камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын 12-октябрдагы чечими менен УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ага тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, А.Ч.К.га карата ушул жылдын 4-ноябрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесине (СИЗО-1) камакка алынган.
Ошондой эле ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен айыпталууда.