2028-жылкы Олимпиаданын программасына дагы беш жаңы спорт түрү киргизилет. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах билдирди.
Олимпиада программасына флаг-футбол, крикет, лакросс, сквош жана бейсбол/софтбол кирет.
"Сунушталган бул беш спорттун түрү толугу менен Американын спорт маданиятына туура келет жана америкалык спорттун көрүнүктүү түрлөрүн дүйнөгө көрсөтөт", - деген Бах.
Белгилей кетсек, 2028-жылы жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анджелес шаарында өтөт.