Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоевди КМШнын Ардак белгиси менен сыйлады (видео)

Өлкө башчы Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге КМШнын “Ардак белгиси” орденин тапшырды.

Шавкат Мирзийоевге КМШнын жогорку сыйлыгы КМШны өнүктүрүүгө, Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы достукту, жакшы коңшулаштыкты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

КМШнын "Ардак төш белгиси" Садыр Жапаровдун демилгеси менен өзбек президентине тапшырылды.

Өз кезегинде Өзбекстандын башчысы Садыр Жапаровго жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн бардык жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоевге КМШнын Ардак белгисин тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан