Ооганстанда күчү 6,3 баллдык жер титирөө катталды

Кечээ, 15-октябрда Ооганстандын батышында күчү 6,3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу Герат шаарына 34 чакырым аралыкта орун алган. Азырынча анын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

Эске салсак, аталган өлкөдө ушул айдын жетисинде да катуу жер силкинүү орун алган. Анда зилзаладан 2,5 миңдей адам набыт болса, жабыркагандардын саны 11 миңден ашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан