ХАМАС эки шарт менен туткундарды бошотууга макул болду

ХАМАС эки шарты аткарылган учурда туткундалган жай тургундарды бошотууга макул. Бул тууралуу The Financial Times өздүк булактарына таянып билдиргенин RT жазды.

Маалымдалгандай, биринчи шарты — Израиль Газа секторуна сокку урууну токтотушу керек. Экинчиси — Палестина анклавына гуманитардык жардам жеткирүү.

"Басылма мындай шарттар Катар менен АКШ даярдап жаткан макулдашууда камтыларын белгилеген", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Израиль-Палестина жаңжалы бир нече күндөн бери токтой элек. ХАМАС кыймылы Газа сектору тараптан 7-октябрда эртең менен Израилге жапырт ракеталык сокку урган. Андан соң уюмдун аскерлери өлкөнүн түштүгүндөгү чек аралаш аймактарга басып кирген. Ага жооп кылып Израиль армиясы ХАМАСка каршы операциясын баштаган. Соңку маалымат боюнча, Газада 120 жай тургун туткунда кармалып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан