Биз социалдык тармакта

“Ирина Кайратовна” тобунун мобилографынын өлүмүнүн себеби айтылды

Астананын Коомдук саламаттыкты сактоо департаменти "Ирина Кайратовна" тобунун концертинде 21 жаштагы мобилографтын өлүмүнүн болжолдуу себебин маалымдады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

14-октябрда Жылкайдаров Шахназдын сөөгү соттук-медициналык экспертиза институтуна жеткирилген. Өлүмдүн азыркы алдын ала себеби - курч геморрагиялык панкреонекроз", - деп айтылат анда.

Өлүмдүн так себеби эки жумага созулган токсикологиялык изилдөөнүн жыйынтыгынан кийин белгилүү болору кошумчаланган.

Белгилей кетсек, 14-октябрда Казакстандын Астана шаарында “Ирина Кайратовна” тобунун коцертинде 21-жаштагы мобилографы сахнада турган жеринен эс-учун жоготуп, кулап түшкөн. Мындан улам концерт токтотулган. Көп өтпөй мобилографтын каза тапканы маалым болгон.

Маалымат үчүн:

Курч геморрагиялык панкреонекроз - уйку безинин олуттуу жана коркунучтуу оорусу, мында бул органдын ткандары начарлай баштайт жана ички кан агуулар пайда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан