Иран Израилге Газа боюнча эскертүү берди

Иран БУУ аркылуу Израиль армиясы Газа тилкесин бомбалоону уланта берсе, жаңжалга кийлигишүүсү мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Иран Израилге Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) аркылуу жеке билдирүү жөнөткөн. Эгер Израиль ХАМАСты Газа тилкесинде жок кылуу боюнча аскердик ишин уланта берсе, Иран согушка кийлигишүүсү мүмкүн.

Катарда ХАМАСтын лидери Исмаил Хания менен Хоссейн Амир Абдоллахиандын жолугушуусу

Эгерде Израиль Газалыктарга чабуулун токтотпосо, анда согуш бүт аймакка жайылып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт”, - деди Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан.

Өз учурунда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жекшембиде анын армиясы Газа тилкесин басып алууга даярданып жатканын билдирип, “ХАМАСты жок кылууга” убада берген. Ошондой эле Израиль Иранды 7-октябрдагы чабуулга шериктеш болгон деп айыптаган.

Белгилей кетсек, Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. Израил ХАМАСтын чабуулунан 1300дөн ашуун адамы өлгөнүн кабарласа, Палестина Газаны аткылоодон 2200дөн ашык киши мерт кеткенин билдирүүдө.

Учурда Израиль Газа тилкесине электр жарыгын жана суу берүүнү токтотуп, толук блокадага алган. БУУ жана дүйнөнүн бир нече өлкөсү Израиль бийлигинин аракеттерин сынга алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан