БУУ Израилдин Газага жасаган соккусун согуш кылмышы деп атады

Израиль армиясынын 2021-жылдын майынан 2023-жылдын августуна чейин Газа тилкесине жасаган соккусу согуш кылмышы болуп саналат. Бул тууралуу БУУнун Израилдеги жана Палестина аймактарындагы окуяларды иликтөө боюнча көз карандысыз комиссиясынын баяндамасында айтылат.

Комиссиянын корутундусунда ошондой эле Газанын жашоочулары үчүн гуманитардык жардам жана медициналык буюмдарды алып кирүүгө тыюу салуу эл аралык мыйзамдарга каршы келери белгиленген.

"Израилдин кол салууларына тыюу салынган. Газага азык-түлүк жана медициналык буюмдарды ташып келүүгө тыюу салуу эл аралык гуманитардык укукту бузуу болуп саналат", - деп айтылат документте.

Комиссия мүчөлөрү ошондой эле Аль-Жазиранын журналисти Ширин Абу Акленин өлтүрүлүшүн иликтеп, израилдик аскерлер эл аралык адам укуктары мыйзамына ылайык негизсиз жана атайылап өлтүрүүчү күч колдонгон деген тыянакка келишкенин баса белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан