ЭЛДИК КАБАР: Тургун: "Сокулукта көмүркана иштеткендер күнү-түнү тынчтык бербейт" (видео)

Сокулук районунун тургуну порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, көмүркана күнү-түнү техникаларын иштетип тынчтык бербей жатканын билдирди.

Анын айтымында, Сокулуктун борборундагы көмүркананын техникалык унаалары күнү-түнү тынчтык бербей иштейт. Ошондой эле алар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду талкалап бүтүштү.

"Сокулук районунун борборунда ушул көмүркана бизге күндүр-түндүр тынчтык бербейт. Жөө жүргүнчүлөр басуучу тротуарды талкалап бүтмөй болду. Трактор, КамАз транспорттору күнү-түнү жаны тынбай иштейт. Арткы жагындагы эки кабаттуу үйдөгү тургундар акимге да, айыл өкмөтүнө да кайрылып арыздандык. Бирок андан эч кандай майнап чыккан жок.

Менчик болсо эле үстүбүздөн каалаган жерине көмүркана, аткана ачып алыш керек бекен? Баарыбыз ошол көмүрдү басып өтөбүз. Көмүркана борбордон чет жерде болушу керек. Тийиштүү мекемелерден жооп алып, ушуну чечип берүүңүздөрдү суранабыз", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Тургун: "Сокулукта көмүркана иштеткендер күнү-түнү тынчтык бербейт"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан