Вебкам иштетүүгө шектелген Даниел Ажиевдин бюджетке 44 миллион сом төккөнү айтылууда

Вебкам студияларды уюштурууга шектелип кармалган Даниел Ажиевдин мамлекеттик бюджетке 44 миллион сом өлчөмүндө демөөрчүлүк салым которгону айтылууда. Бул тууралуу АКИpress агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Анда Ажиев акча каражатын 28-июлда которгону айтылат. Биз маалыматты тастыктоо үчүн УКМК менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылганыбызда андай маалымат жок экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, УКМК 5-июнда Даниэл Ажиев жетектеген көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган.

Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн. Чекисттер Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгенин билдирген.

5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 29-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. 24-июлда болсо аталган райондук соттун чечими Ажиевдин абактагы мөөнөтү узартылып, 29-сентябрга чейин камакта калтырылган болчу.

Сот 27-сентябрда Ажиевдин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Ал 29-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан