Биз социалдык тармакта

Вебкам иштетүүгө шектелген Даниел Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Вебкам студияларды уюштурууга шектелип кармалган Даниел Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим кечээ, 27-сентябрда кабыл алынган.

Маалым болгондой, Даниел Ажиев 29-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта болот.

Белгилей кетсек, УКМК 5-июнда Даниэл Ажиев жетектеген көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган.

Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн. Чекисттер Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгенин билдирген.

5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Ажиев 29-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. 24-июлда болсо аталган райондук соттун чечими менен вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиевдин абактагы мөөнөтү узартылып, ал 29-сентябрга чейин камакта калтырылган болчу.

Ажиев менен анын жактоочулары эч кандай комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан