“Рафах” өткөрүү пункту жабык, Газага гуманитардык жардам жеткирүү кыйындады

“Рафах” өткөрүү пункту жабык, Газага гуманитардык жардам жеткирүү кыйындады. Азык-түлүк жана дары-дармектин кору түгөнүүдө. Бул тууралуу Евроньюс жазып чыкты.

Маалымдалгандай, жүздөгөн палестиналык Египетке өтүү үчүн өткөөлдүн ачылышын күтүп турат. Египет аркылуу гуманитардык жардам жеткирүү да токтотулган. Ал эми бүгүнкү күндө Рафах Газага кирүүчү жана андан чыгуучу жалгыз жол.

"Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньху “учурда Газада ок атуу токтогон” деп билдирди. Ал эми Египет Израиль бийлигине дагы бир ирет гуманитардык жардам жеткирүүнү сурады.

Кечээ, 16-октябрда күндүн экинчи жарымында өткөрүү пункту жабык бойдон экени кабарланды. Аймакта жардам берүүчүлөр жана Газадан чыгып кетүүнү каалаган эки колонна пайда болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Израилдин соккусунан Газадагы 2 миң 808 палестиналык жаран набыт болду. Ал эми жараат алгандардын саны 10 миң 859га жетти. БУУ тараткан маалыматка ылайык Газа секторунан 1 миллион палестиналык чыгып кетүүгө аргасыз болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан