Израиль АКШдан өзгөчө жардам катары 10 миллиард доллар сурады

Израиль Америка Кошмо Штаттарынан өзгөчө жардам катары 10 миллиард доллар сурады. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, америкалык мыйзам чыгаруучулар учурда Израилге жана Украинага жардам пакетин иштеп чыгууда. Президент Жо Байдендин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Джейк Салливан АКШ Израиль жана Украинага жардам иретинде 2 миллиард доллар өлчөмүндө жардам берүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

NBC телеканалы АКШнын эл өкүлдөр палатасынын айрымдары эки өлкөгө согуштук жардам көрсөтүүнү бириктирүүгө критикалык көз караштарын билдирип жатканын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан