Казакстанда үч жаштагы эгиздердин зордукталышы: Полиция алардын чоң энесин кармады

Коңшу Казакстандын Алматы облусунда үч жашар эки эгиздин зордукталышы боюнча эгиздердин өгөй атасы менен чоң энеси камакка алынды. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Игорь Лепеха билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Бүгүнкү күндө эки адам кармалып, иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалгандардын арасында эгиздердин чоң энеси дагы бар. Бул боюнча ачыкка чыккан фактылар бар. Биз азыр аларды текшерип жатабыз", - деген Лепеха шейшемби күнү өкмөттүн брифингинде.

Анын айтымында, жабыркаган кыздар ооруканага жаткырылып, абалы оор.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Алматы облусунда 40 жаштагы киши үч жаштагы эгиздерди тогуз ай бою зордуктап жүргөнү белгилүү болгон. Жабыркаган балдарды апасы ооруканага алып кеткен. Шектүү кыздардын апасы жана чоң энеси менен жашаган. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү кыздарды зордуктоого январда эле киришкен. Апасы менен чоң энеси бул тууралуу билишкен, бирок унчуккан эмес.

Учурда үчөө тең камакта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан