УКМК Даниел Ажиев бюджетке 44 миллион сом төктү деген маалыматты четке какты

Вебкам студияларды уюштурууга шектелип кармалган Даниел Ажиев мамлекеттик бюджетке 44 миллион сом өлчөмүндө демөөрчүлүк салым которду делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ажиевдин мыйзамсыз ишмердүүлүктөн тапкан 500 миң доллары (ред: 1 доллардын наркы 88 сомго бааланганда 44 миллион сом) алынган. Атайын кызмат кылмыш ишин тергөө уланып жатканын белгиледи.

Буга чейин Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгени маалымдалган. Анын кылмыштуу кирешеси айына болжол менен 300 миң долларды түзүп келген.

"Кылмыш иши боюнча аталган топтун 8 активдүү мүчөсү жоопкерчиликке тартылып, алардын алтоосу, анын ичинде Ажиев өзү кармалып, экөөнө издөө жарыяланган. Айыпталуучунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнөн тапкан активдери изделип жаткан маалда Ажиев баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып 500 миң доллар сунуштаган. Натыйжада жубайындагы аталган сумма мыйзам чегинде алынып, тергөөнүн алкагында камакка алынды. Мындан улам Ажиев демөөрчүлүк иретинде өлкө бюджетине 44 миллион сом которду деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.
УКМК мындан сырткары Ажиевдин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү камакка алынганын, анын ичинде кымбат баалуу унаалар жана батирлер бар экенин билдирди.
Ошондой эле кылмыш иши жыйынтыкталуу алдында турганы, айыптоо актысы бекитилгенден кийин сотко жөнөтүлүп, иш каралары кошумчаланды.

Буга чейин айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып Ажиевдин мамлекеттик бюджетке 44 миллион сом өлчөмүндө каражат төккөнүн жазып чыккан.

Эске салсак, УКМК 5-июнда Даниэл Ажиев жетектеген көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, Кыргызстанга өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан