"Түрк жарандыгынан ажырап кала жаздаган". Атактуу ырчы Таркан 51 жашка чыкты

Түрк ырчысы, композитор, продюсер , "Поп ханзаадасы" деген ат менен белгилүү болгон Таркан бүгүн, 17-октябрда 51 жашка чыкты.

"Тарканды түрк жарандыгынан ажыратуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган"

Таркан 1972-жылы 17-октябрда Германиянын Алзей шаарында Али жана Неше Теветоглунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Ата-энеси өз мекениндеги экономикалык кризистен кийин Германияга көчүп кетишкен. Таркандын атасынын туугандары аскер адамдары болгон. Чоң атасы орус-түрк согушуна катышкан. Агасы Хакан, карындашы Хандан, апасынын биринчи никесинен Аднан, Гүлай, Нурай деген туугандары бар.

Таркан 13 жашка чыкканда алардын үй-бүлөсү мекенине кайтууну чечишет. Таркан Түркияга көчүп келгенден кийин Карамүрсел шаарында музыкалык билим ала баштаган, андан соң Стамбул музыкалык академиясында окуусун уланткан. Стамбулда достору да, акчасы да жок, тойлордо ырчы болуп, кошумча акча табууга аргасыз болгон.

1999-жылы Таркан армияга чакырылган. Аскерге барууну каалаабаган Таркан Европада жашап турган. Таркандын бул чечими басма сөздө чоң кызыгууну жаратып, түрк парламенти Тарканды түрк жарандыгынан ажыратуу мүмкүнчүлүгүн да талкуулаган. 1999-жылдын август айынын аягындагы Измит жер титирөөсүнөн кийин жабыркагандарга жардам берүү үчүн фондго 16 миң доллар төлөп берүү шарты менен 28 күндүк аскердик кызматын өтөө жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланган Таркан 2000-жылы Түркияга кайтып келип, 28 күндүк аскер кызматын өтөгөн. Таркан армияга кетер алдында Стамбулда концерт берип, андан түшкөн акчаны шарт боюнча кайрымдуулукка жумшаган.Таркан аскердик кызматы тууралуу: “Январь айы, кар калың жаады. Кыйын эле экен. Тамактары татсыз. Бирок, өмүрүмдүн он сегиз айын текке кетирбейм. Анткени менин кыялдарым маанилүүрөөк”, - деп айткан.

“Мурда түрк ырларында болбогон жаңы стилди жараткан”

Таркан Германияга болгон сапарларынын биринде «İstanbul Plak»лейблинин жетекчиси Мехмет Соютооулу менен жолугушуп калат. Андан соң Таркандын 1992-жылы жарык көргөн "Yine Sensiz"(Кайрадан сенсиз) аттуу дебюттук альбомун чыгарганга жардам берет.

"Бул биринчи жолу болуп жатат. Жашыл көздүү тайманбас жигиттин ырларында түрк жаргону активдүү колдонула баштады" деп түркиялык Milliyet журналы Таркандын дебюттук альбому тууралуу жазып чыккан. Анткени Таркандын ырларында мурда түрк ырларында болбогон жаңы стилди жараткан.

1994-жылы экинчи альбому "Aacayipsin"(Ажайыпсың) жарык көргөн. Ошол учурда Таркан продюсер Сезен Аксу менен иштешип баштаган. Ал «Hepsi Senin Mi?» ырын жазып берген. Кийин бул ыр батыштын ырларына окшоштурулуп «Şıkıdım» ат менен жаңыланып чыккан. Ошол эле жылы Таркан окуусун улантып, англис тилин үйрөнүү үчүн АКШга Нью-Йоркко кеткен. Ал жерде “Dön Bebeğim” (Кайра кайт сүйүктүүм) аттуу ырына да клип тартылган.

"Ырлары бир гана Түркияда эмес, Европада дагы популярдуу болгон"

1997-жылы Таркан үчүнчү "Ölürüm Sana" альбомун жана ага катар эле Түркияда ийгиликтүү болгон "Şımarık" ырын чыгарат. Бул альбому Европада эки жылдан кийин "Şıkıdım" ыры менен бирге жарыкка чыккан. Ырлары бир гана Түркияда эмес, Европада дагы популярдуу болуп, Батыштын музыкалык чарттарында “Tarkan” жыйнагы жарык көргөн. Ошол эле жылы Таркандын альбому тез эле сатылып, популярдуулукка жетишип, ийгилик жараткандыгы үчүн World Music Awards сыйлыгын алган.

Талаш жараткан "Şımarık" ыры

2000-жылдардын башында Таркан менен Сезен Аксунун ортосунда "Şımarık" ырынын автордугу боюнча талаш чыгып, жыйынтыгында Таркан ырдын англисчесин чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Музыканы Сезен Аксу, Таркан жана Озан Чолакоглу жазган. Бирок кийинчерээк 2006-жылы берген маегинде ырчы "Şımarık" ырынын чыныгы автордук укугунун ээси экенин айткан. Продюсер Сезен Аксу менен болгон талаштан улам алардын узак убакытка созулган ийгиликтүү өнөктөштүгүнө жана достугуна чекит коюлган. Сезен бул ырды башка аткаруучуларга сата баштаган. Мисалы, Холли Валанс "Kiss Kiss" деп каверин жазган, кийин Филипп Киркоровдун “Ой, Мама Шика Дам" ыры чыккан. 10 жылдан кийин Таркан менен Сезен Аксу элдешип, 2017-жылы да Яшар Гага менен биргеликте “Жейлан” ырын чыгаршыкан.

“Чачын узун кылып өстүрүп, тар шым, ачык көйнөк, футболка кийип чыккан”

2001-жылы Таркандын учурда «Karma» альбому жана «Кuzu Kuzu», «Hüp» аттуу эки ыры жарык көргөн. Альбом Түркияда да, Европада да чыккан. Ал эми Орусияда Таркан чет элдик ырчылар арасында эң популярдуу ырчы аталган. Альбом Европада 1 миллион нускада сатылган. Анткени Альбом мурунку жана кийинки альбомдордон кескин түрдө айырмаланат. Музыкалык стили менен бирге Таркандын келбети да өзгөргөн. Чачын узун кылып өстүрүп, тар шым, ачык көйнөк, футболка кийип чыккан. Түркиянын жаштары Тарканды туурап кийине баштаган. Таркандын эл аралык иштер боюнча менеджери Майкл Ланг: «Таркан мыкты артист жана анын азыркы ийгилиги башталышы гана. Беш жылдан кийин да жылдыз болот. Таркан жоголбойт. Ал жылдыз бойдон калат», - деп билдирген.

"Dudu" мини-альбому Түркияда 1 миллион нускада сатылган"

2001-жылы "Таркан: Жылдыздын анатомиясы" (Tarkan - Yıldız Olgusu) китеби сатыкка чыккан. Бирок бир канча убакыттан кийин китеп бардык эрежелерди бузгандыктан, соттун чечими менен сатыктан алынган. Ошондой эле “Hüp” ырынын клиби чыккандан кийин дагы бир жаңжал чыгып, видеону көргөндөр “Өбүшүү кадрларын аябай ачык” деп сындашкан. Бирок видеого тыюу салынган эмес, ал түрк музыкалык “Kral” каналынын сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Таркан 2002-жылы дүйнөлүк чемпионатта түрк футбол командасынын расмий талисманы да болуп, ал үчүн күйөрмандардын гимнине айланган «Бир Oluruz Yolunda» ырын жазган.

2003-жылы жайында "Dudu" мини-альбомун чыгарган. Альбом Түркияда 1 миллион нускада сатылса, Орусияда "Dudu" ыры “Жылдын ыры” болуп аталды.

2016-жылы Таркан 11-мартта көптөн күткөн тогузунчу "Ahde Vefa" альбомунун чыкты. Бул альбомдо ырчы кайрадан эксперимент жасап, бардык ырларын түрк элдик музыкасынын стилинде жаздырды. Альбом чыккандан кийин дароо хит болуп, Америкада, Англияда, Данияда, Голландияда жана Германияда - дүйнөнүн 19 өлкөсүндө iTunes хит-параддарында биринчи орунду ээлеген.

"Пынар Дилек: “Таркан сезимтал, боорукер адам”

Жети жыл өзүнүн адвокаты Билге Өзтүрк менен сүйлөшүп жүрүп, 2008-жылы эки жолго түшүшкөн. Таркан 2016-жылдын 29-апрелинде 5 жылдан бери мамиледе болгон Пинар Дилекке үйлөнгөн. Пынар Дилек алгач Таркандын жөн гана күйөрманы эле. "Таркан өтө жөнөкөй. Абдан боорукер, креативдүү ой жүгүрткөн, сезимтал адам. Сахнада ал жылдыз, ырчы. Ал эми үйдө кадимкидей эле адам.Мен үчүн эң негизгиси ушул»,-дейт жубайы. 2018-жылдын 12-июлунда Таркан менен Пынар ата-эне болушкан. Алар кызынын атын Лия деп коюшкан.

(Таркан жубайы Пынар Дилек менен) (Таркан жубайы Пынар Дилек жана кызы Лия менен)

Тарканга коюлган айып

Таркан 2010-жылдын 26-февралында Стамбулдун наркополициясы тарабынан Түркиядагы белгилүү музыкант Омерлинин вилласында кармалып, андан кийин полиция бөлүмүнө жеткирилген. Медициналык текшерүүдөн өтүп, суракка алынган. Таркан "баңгизатын колдонгон, алган, сактаган жана саткан" деген айып менен бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн болгон. Бул тууралуу Стамбул прокуратурасынын билдирген. Кармалгандан үч күндөн кийин ырчы камактан бошотулган. Ошол эле учурда анын адвокаты Таркандын вилласынан кокаин табылган деген дооматтарды, Таркандын баңгизат колдонгонун четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан