"Көпчүлүгү аялдар жана балдар". Израилдин Газанын ооруканасына жасаган соккусунан 500дөй адам набыт болду

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин аба күчтөрүнүн Газанын борборундагы "Аль-Ахли" ооруканасына жасаган соккусунан кеминде 500 киши каза болгонун билдирди. Маалымдалгандай, алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар.

“Аль-Жазира” телеканалынын маалыматына караганда, ооруканага алдын ала эскертүүсүз сокку урулган. Бул 75 жылдан бери уланып келе жаткан эки өлкө ортосундагы кагылыштын тарыхында Израилдин палестиналык жарандарга жасаган эң кандуу соккусу болду.

Көптөгөн адамдар дагы эле урандылардын астында калууда. Палестина өкмөтү мурдараак "Аль-Ахли" ооруканасына жасалган сокку ондогон адамдардын өлүмүнө алып келгенин билдирген.

"Белгилей кетүүчү нерсе, ооруканада жүздөгөн бейтаптар, жабыркагандар жана аба соккуларынан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон адамдар дарыланган", - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Газанын түндүгүндөгү "Камал Адван" ооруканасынын педиатрия бөлүмүнүн башчысы дарыгери Хуссам Абу Сафия "ооруканаларды бомбалоо акылсыз, бирок биз муну кайра-кайра көрүп жатабыз” деди. "Биз жарадар болгон балдарды, кош бойлуу энелерди сактап калуу үчүн күрөшүп жатабыз. Мында ымыркайлар төрөлөт" деди дарыгер ооруканага болгон кол салуудан кийин. "Бүгүн Шифа ооруканасына 200дөн ашык өлүк, негизинен аялдар жана балдар алынып келинди. Алар бизге кол салууну токтотушу керек", - деди ал.

Эл аралык уюмдар жана укук коргоо уюмдары Израилдин аба күчтөрүнүн турак жайларды жана жарандык объектилерди мындай массалык бомбалоосун “геноцид актысы” жана “согуш кылмышы” деп аташкан.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Газа тилкесинде өткөн ишембиден бери кеминде 3000 киши набыт болгонун билдирди. Мындан сырткары дагы 1200дөй адам урандылардын астында калууда. Алардын арасында 500дөй жашы жете элек балдар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан