Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар Израилдин баскынчылыгын айыптап, Палестина элине жардам берүү маселесин көтөрдү.
Депутат Жалолидин Нурбаев согуштан жабыркагандарга "жардам берем" деп кайрылган жарандар көп болуп жатканын айтып, ТИМге атайын эсеп ачууну сунуштады.
Эл өкүлү Айбек Осмонов кесиптешинин сөзүн кубаттап, 100 пайыз колдой турганын билдирди.
"Палестинада биздин мусулман бир туугандарыбыз, ымыркайлар жана аялдар ооруканада эмес, көчөдө жатат. Ушул күндөрү суусуз жатышат. "Дары-дармек, гуманитардык жардам жөнөтсөк" деп кайрылгандар көп болууда. Ошого Жогорку Кеңеш да өз позициябызды билдирип койсок", - деди Осмонов.
Ага улай депутат Жаныбек Кыдыкбаев эл өкүлдөрүн бир күндүк маянасын Палестина элине которууга чакырып, өкмөттөн жардамды жеткирүү жолун таап беришин талап кылды.
"Баарыбыз эле мусулманбыз дейбиз, бирок эч кимибиз үн катпай элебиз. Көп өлкөлөрдө, анын ичинде АКШда согушка каршы акциялар болуп жатат. Биз дагы адам өлүмүнө, согушка каршы позициябызды билдирип койсок. Анткени биз да кечээ жакында эле коңшу мамлекет кол салганда андай кыйынчылыкты баштан өткөргөнбүз", - деди Кыдыкбаев.
Андан соң төрага Нурланбек Шакиев кайдыгер карабай, сөзсүз түрдө Палестинага гумжардам жөнөтүү керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда.
Израил ХАМАСтын чабуулунан 1300дөн ашуун адамы өлгөнүн кабарласа, Палестина Газаны аткылоодон кеминде 3000 киши набыт болгонун билдирди. Мындан сырткары дагы 1200дөй адам урандылардын астында калууда. Алардын арасында 500дөй жашы жете элек балдар бар.
Учурда Израиль Газа тилкесине электр жарыгын жана суу берүүнү токтотуп, толук блокадага алган. БУУ жана дүйнөнүн бир нече өлкөсү
Израилдин аба күчтөрүнүн турак жайларды жана жарандык объектилерди мындай массалык бомбалоосун “геноцид актысы” жана “согуш кылмышы” деп аташкан.