Адахан Мадумаровдун жактоочулары саясатчыны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтиришти

Камактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун жактоочулары сотто саясатчыны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтиришти. Бул тууралуу жактоочулардын бири Юлия Богданова билдирди.

Анын айтымында, сотто бүгүн алдын-ала угуу болуп жатканын, анда жактоочулар Адахан Мадумаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтиришкенин айтты.

Мадумаров 2-сентябрда кармалган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. 13-сентябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сураган. Депутаттык комиссия эл өкүлүнө коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет.

Мадумаровдун соту 18.10.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан