Бишкекте бир катар мамлекеттик имараттарга бомба коюлганы айтылды. Милиция курчоого алды (видео)

Бишкекте Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жогорку жана Ленин сотторунун имараттары бомба тууралуу маалыматтан улам курчоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-октябрда саат 09:00 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун имараттарына жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул фактылардын негизинде райондук бөлүмдөрдүн жетекчилиги жана тергөө топтору окуя болгон жерге барышкан. Имараттардын ичиндеги жарандар эвакуацияланып, аймактар ​​курчоого алынды. Учурда тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

Бишкекте Санарип министрлигинин, Жогорку жана Ленин сотторунун имараттары бомба тууралуу маалыматтан улам курчоого алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан