SUPER.KG порталынын "Элдик Кабар" бөлүмүнө Нарындын тургуну Самат Аскарбеков аттуу жаран кайрылды.
Ал Нарында оңдоо иштери жүрүп жаткан мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолунун оңдоо иштерине нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, жол оңдоочулар Нарын-Баетов жолундагы Ак-Кыя кичи ашуусунун асфальтын алып таштап, ошол бойдон калтырып коюшкан.
"Бул жерди казып башташканына калп айтпасам 2 айдан ашты. Эми бизге оңдолгону жакшы дегилечи, бирок мына асфальт турган жерди казып салышып, эми ошол бойдон таштап коюшту. Бүгүн, 19-октябрь иш күнү болгонуна карабастан жеринде бир дагы кызматкер жок. Эгер бул бойдон калтыра турган болушса анда асфальтты албай эле коюшса болмок. Нарында өзүңүздөр билгендей кыш эрте эле келет. Мындай иштешсе кышка чейин бүтүшпөйт, жол ушул бойдон калат", - деди ал.
Август айынын башында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги быйыл Нарын-Баетов жолунун 36 чакырымы оңдоло турганын билдирген.