Мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолун оңдоо иштери кызыды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда унаа жолдун 9-14-чакырым аралыгында жер иштери жүрүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Ал эми 115-120-чакырым аралыгында 1250 метр жабык дренаж жасалып, азыркы тапта түтүктөрдү орнотуу менен жолду таптоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Ага ылайык, жол куруу иштерин "Кыргыз авто жол" мамлекеттик ишканасынын№ 1 Жол курулуш башкармалыгынын кызматкерлери атайын тартылган техникалар менен аткарышууда.
"Мамлекеттик маанидеги Нарын - Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Быйыл анын 36 чакырымын оңдоо каралган", - деп айтылат маалыматта.