Бүгүн, 19-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо кечээ парламент дароо үч окууда жактырган Кытай менен өз ара маданий борборлорду түзүү тууралуу мыйзам долбоорун кескин сынга алды.
Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында 18-майда Сиань шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы "Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору дароо үч окууда кабыл алынган.
Эми макулдашууга президент кол койсо күчүнө кирет.
Эл өкүлү мамлекет башчысына кайрылып, кол коёрдон мурда келишимдин ички маңызына дыкат көңүл буруп чечим чыгарууну өтүндү.
"Биз кечээ келишимди билип-билбей, окубай, маани бербей туруп колдоп берип алдыкпы деген ой кетет. Муну бизге алып келген Маданият министрлигине солдойгон собол жаралууда. Жакшылап талкуулабай туруп үч окуудан бир өткөрүүгө эмне мынча шаштык билбейм?! Маданий борборду ачуудан мурда биз өз маданиятыбызды бутунан тургузуп албайлыбы. Биздин маданиятыбыз менен башка чоң элдердин маданиятын салыштырып карап көрсөк, чоң деңизге бир чөгүн сууну куйгандай болот. Ал эми биз бир чөгүн сууну деңиз келип каптагандай акыбалда калбайбызбы?", - деди Самыйкожо.