УКМК Бишкекте дагы бир милиция кызматкери кармалганын билдирди

Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерин кармоо уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда Бишкектин Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкери И.Т.К. кармалды.

"Ал Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгону, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган кызматкер №1 тергөө абагына киргизилди.

"Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар ИИМдин башка кызматкерлерине карата аларды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга дуушар болгон жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Атын атабоого кепилдик берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат 18-октябрда эки кызматкер кармалганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан