ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын 2 кызматкери кармалды

Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалымдалгандай, 16-октябрда Бишкек ШИИББинин БМЖККнын ыкчам кызматкери, милициянын майору М.3. жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын капитаны И.К. кармалды.

Алар ИИМ БМЖККнын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгондугу, кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан