Жаңы автобекет, жаңы "Ош базары", турак-жай конуштары жайгаштырылган көп функционалдуу шаар концепциясы иштелип чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери жаңы автобекетти, жаңы "Ош базарын", турак-жайларды жайгаштыруу менен көп функционалдуу шаарчанын концепциясын иштеп чыгышты. Бул долбоорлонгон шаарча Бишкек шаарынын түндүк тарабында, Сокулук районунун аймагындагы Фучик -Василевский Тракт көчөсүнүн боюнда жайгашкан.
Пландаштыруу жана куруу долбоору менен аймакты 4 зонага жалпы функционалдык бөлүү сунушталат:
- шаар зонасы
- Кайра жайгаштырылуучу "Ош базарынын" зонасы
- Volvo электр унаасын тейлөө аймагы
- Автобустарды тейлөө аймагы
- Батыш автобекетинин аймагы.
Эске салсак, буга чейин Бишкектин мэри
Эмилбек Абдыкадыров "Ош базары", Батыш жана Чыгыш автобекеттери шаардын сыртына чыгарыла
турганын билдирген.