Жеңил салмактагы UFC чемпиону, орусиялык мушкер Ислам Махачев Абу-Дабиде өткөн "UFC 294" турниринде Александр Волкановскийди жеңип, андан кийин Палестинаны колдоду.
"Мен бүгүн бул жеңишти майрамдабайм. Буга себеп дүйнөдө болуп жаткан окуялар. Палестина, биз сени мененбиз. Газа тилкеси, биз сени мененбиз. Муну токтоткула! Токтоткула!”, - деди Махачев.
Ислам Махачев Александр Волкановскийди биринчи бөлүктө эле нокаутка учураткан.