Рамзан Кадыров Палестина үчүн андан курал сураган Хамзат Чимаевдин сөзүнө реакция кылды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров "UFC 294" турниринде Камару Усманды жеңгенден кийин Палестина үчүн курал сураган мушкер Хамзат Чимаевдин сөзүнө комментарий берди.

"Хамзат таасирдүү жеңиш сөзүн айтты. Мекендешибиздин бул сөзү бүгүнкү күндө эзилип жаткан бардык элдерди колдоо болду. Ал Палестинаны өзгөчө белгилеп, спорт дүйнөсүнүн көңүл борборунда болуп туруп, Газа тилкесинин калкына жасалган зордук-зомбулукту катуу айыптады. Муну менен Хамзат Чимаев чыныгы мусулман катары бир тууган Палестина элине анын жүрөгү канчалык ооруп жатканын көрсөттү. Бул терең урматтоого татыктуу”, - деп жазды Кадыров өзүнүн телеграм каналына.

21-октябрда Абу-Дабиде өткөн "UFC 294" турниринде Хамзат Чимаев жеңишке жетип, андан кийин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго кайрылган. Кайрылуусунда мушкер Палестина үчүн согушууга даяр экенин айтып, Кадыровдон ага уруксат берүүнү суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
urgqgexdkqbw
2023-10-23 21:39:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан