Президент иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Бүгүн, 26-октябрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалымдалгандай, өлкө башчы аталган аймакта бүгүн жана эртең болот.

Анда мамлекет башчысы Жалал-Абад шаарынын күнүнө арналган иш-чараларга катышып, бир катар социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү, ички жолдордун абалы, ошондой эле ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Майрамдык иш-чаралар — Аюб-Тоо тоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү (башталышы 14:10дө) жана "Курманбек" стадионундагы майрамдык концерт (башталышы 18:30да) УТРК эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан