Бүгүн, 26-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Бишкекте ижарага берилген батир баалары асман чапчып кеткенин белгилеп, арзандатуунун жолун табуу керектигин айтты.
"Орусияда мобилизациядан качып өлкөгө адамдар агылганда ижарага берилген батирлердин баасы көтөрүлүп кеткен. Ошондон бери түшө элек. Аймактардан борборго окуюн, иштейин деп келишет, эч ким жыргаган жеринен келген жок. Ошолор батир таппай жүрүшөт. Себеби бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы 30 миң сомго чыгып кетти, ал эми 2 бөлмөлүүлөр болсо 90 миң сомго чейин экен. Анча акчаны каяктан табат, өздөрү мусапыр болуп араң келип жатса? Билем, биз аларга эч нерсе дей албайбыз. Бирок бир жолун табыш керек болуп жатат", - деди Кадырбеков.
Ошондой эле ал батир ээлерине кайрылып, бааларын бир аз арзандатса адамдардын батасын алышарын кошумчалады.