Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев милиция кызматкерлеринин маянасын көбөйтүүнү сунуштады.
Ал акыркы жылдары кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын саны азайганын айтты.
"Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, ИИМдин кызматкерлеринин арасынан бирөө тентектик кылып койсо, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү дүң кылып, коомчулукта ошону аябай терс көрсөтүп туруп алышат. Акыркы жылдары кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын саны азайды. Жакында милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы болот. Ошого карата айлыктарын көтөрүп, шарттарын түзүп берсеңиздер. Биз эмнеге ар дайым жаман жагын эле айтышыбыз керек?", - деди Жамгырчиев.
Ошондой эле ал журналисттерге кайрылып, милиция кызматкерлеринин жакшы жактарын көбүрөөк айтып турууну өтүндү.