Муфтият авиакомпаниялар ортосунда сынак жарыялады

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы 2024-жылы ажылыкка баруучулар үчүн авиакаттамдарды уюштурууга авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Белгиленгендей, сынакка катышуучулардын документтери 2023-жылдын 25-октябрынан 13-ноябрь саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Тандоо иш-чарасына катышуучу авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылса болот: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү №264/3. Байланышуу үчүн: 0778900601, э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru.

Буга чейин ажылыкка баруучуларды каттоо 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин жүргүзүлөрү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан