2024-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча тизмеге каттоо 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Жарандардын ID-карт паспортунун негизинде, РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин жарандар катталат.
Жаңы талапкерлер баштапкы 2000 долларды жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, каалаган аймактык операторлорго Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга акча каражатын төлөгөн квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер 2000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт.
20-ноябрга чейин орундар (квота) толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотуларын муфтият белгиледи.
Ал эми 2023-жылы РСК банкына 1000 АКШ долларын төлөп, ажылык базада кезекте турган талапкерлер, 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин РСК банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 1000 долларын төлөп, 2000 долларга толуктоосу зарыл. Эгер талапкер 2000 долларга толуктай албай калса, ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат.
Төлөмдү толуктаган талапкерлер тиешелүү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу милдеттүү экендигин муфтият билдирди.