Бишкекте Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү

Бүгүн, 26-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү.

Жыйындын алдында делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү аземи орун алды.

Андан соң, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучулары алдында сөз сүйлөдү.

Ал бул кеңешменин жыйынтыгы Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда жана Биримдиктин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда дагы бир маанилүү кадам болоруна ишеним билдирди.

"Тар форматта өткөн жыйында конструктивдүү сүйлөшүүлөр орун алат деп үмүттөнөм. Биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикте жайгашкан боордош мамлекеттер катары элибиздин жана Биримдигибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жыйындын күн тартибине коюлган бардык маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келээрибизге ишенем", - деди Жапаров.

Жалпысынан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына 30 жакын маселе камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан