Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бир катар кызматкерлери Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Транспорт, коммункациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасынын орун басары Бактыбек Чойбеков Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бир катар кызматкерлери менен жолугушуп, аларды кесиптик майрамдары менен куттуктады.
Эл өкүлү өзү да жогорку окуу жайын жол адистиги боюнча бүтүргөндүгүн белгилеп, жол тармагында иштегендердин социалдык абалын сурамжылап, түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалады.
Жолугушуунун соңунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин адам ресурстары боюнча бөлүмүнүн башчысы Тоймамат Бекташевге, укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Уланбек Смаиловго жана экономикалык, бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук башкармалыгынын жетектөөчү адиси Саламат Ильязовага Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.