Камчыбек Ташиев тууну өзгөртүү демилгеси боюнча пикирин билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-октябрда социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Атайын кызматтын башчысы күн карамадай болбой түз тийген, күндөй жаркыраган белги берилиши керек деп эсептейт.

"Урматтуу мекендештер! Бүгүн президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинде Жалал-Абад шаарындагы Аюб-Тоодо мамлекетибиздин туусун көтөрдүк. Эки күндөн бери туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар. Менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек! Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат. Демек күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиш керек. Мен мамлекетибиздин туусун өзгөрткөндү колдоймун. Күндүн нурундай жаркыраган туубуздун алдында бир муштумдай бирдиктүү бололу" - деп жазды Ташиев

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштоодо.

Төрага 24-октябрда туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолугуп мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту.

Кечээ депутат Мирлан Самыйкожо желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирип, буга коомчулуктун көпчүлүгү каршы болуп жатканын белгилеген.

Андан соң президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү идеясын колдой турганын билдирген.

Бул демилге кызуу талкууга жем таштап, коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Биз эл өкүлдөрүнүн пикирин сурап көрдүк.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан