"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов кармалды

Бишкекте "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ижарачылар тарабынан турак-жайларды мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды.

"Бишкек мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы № 417 токтомуна ылайык, "О" ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу керек болчу.

Бирок ага карабай "Бишкек Башкы Архитектура" жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында "О" ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөн. Бул адамдар белгиленген шартты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып жана инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында «О» ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 2 көп кабаттуу турак-жай куруп, аны сатып жиберишкен. Мындан улам Бишкек шаарынын жакынкы райондорунун жашоочулары бала бакчасыз калышкан. Ошентип мамлекетке 52 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген, ал ушул күнгө чейин «О» СК тарабынан төлөнбөй келген.

26-октябрда тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча «О» ЖЧКсынын ээси Т.И.А. (Ташов Имамидин Асамидинович) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Имамидин Ташов 2021-жылдагы шайлоодо президенттикке ат салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан