Карагандада шахтадагы жарылуу: 16 адам каза болду, дагы 30дан ашуун адам изделүүдө

Казакстандын Караганда облусундагы "Костенко" шахтасындагы жарылуудан каза болгондордун саны өстү. Бул тууралуу Казакстандын Тенгри Ньюс агенттиги жазып чыкты.

"252 адамдын 205и жер үстүнө чыгарылып, алардын 18и медициналык жардамга кайрылышкан. 31 шахтерду издөө иштери уланууда, 16 шахтер табылган.

Кырсык болгон жерде PVASS куткаруучулары ишин улантууда. Штаб иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 28-октябрда Казакстандын Караганда облусундагы "Костенко" атындагы шахтада жарылуу болгон. Жергиликтүү басылмалардын айтымында, учурда жарылуунун себеби аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rojena3262
2023-10-28 16:27:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан