Казакстанда шахтадагы жарылуу: Каза болгондордун саны 32ге жетти

Казакстандын Караганда облусундагы шахтадагы жарылуудан каза болгондордун саны 32ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, саат 16:00гө карата "Костенко" шахтасында каза болгон 32 адамдын сөөгү табылды, 14 шахтёрду издөө иштери уланууда.

"АрселорМиттал Темиртау" АКнын Костенко шахтасында авариялык-куткаруу иштерине "Кесиптештирилген Авариялык куткаруу кызматы" ЖЧКсынын Республикалык борбордук штабынын Караганда филиалынын тоо-кен куткаруучулары тартылды.

Эске салсак, бүгүн, 28-октябрда Казакстандын Караганда облусундагы "Костенко" атындагы шахтада жарылуу болгон. Буга чейин 16 адамдын сөөгү табылганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан