Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге Карагандадагы шахтадагы жарылууга байланыштуу көңүл айтты  

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Караганда облусундагы көмүр кениндеги трагедиядан улам жумушчулары курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүткүл кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын Караганда областындагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуунун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Орду толгус жоготуунун азабы менен кайгысын тең бөлүшүп, каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүн жана жакындарын кайраттуу болууга чакырып, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат телеграммада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан