"Озтопрак" (KG Group) курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов №1 тергөө абагына 15-ноябрга чейин камакка алынды.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Ал курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шектелүүдө.
Эске салсак, 27-октябрда Улуттук коомпсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов кармалгандыгы тууралуу кабарлаган. Маалыматта убадаланган бала бакчанын ордуна эки көп кабаттуу үй курулуп кеткендиги жана мамлекетке келтирилген чыгым 52 миллион сом деп баалангандыгы айтылат.