Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Казакстан элине жана өлкө лидерине Караганда облусундагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуудан улам адамдар курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты.

Ал каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайраттуу болушун, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул оор учурда Кыргызстан боордош Казакстан элинин жанында экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан