Карагандада шахтадагы жарылуудан каза болгондордун саны 36га жетти

Казакстандын Караганда облусундагы Костенко шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен 36 адам каза болгонун республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Каза болгон 29 адамдын сөөгү шахтадан чыгарылды. Он шахтёрду издөө иштери уланууда. Куткаруу иштерине он адам катышууда.

Эске салсак, 28-октябрда эртең менен шахтада метандын жарылуусу болгон. Кырсык болгон учурда ал жерде 252 адам болгон, 205 жумушчу өз алдынча шахтадан чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Сырым Шарипханов калган адамдарды табуу мүмкүнчүлүгү өтө аз экенин, бирок куткаруучулар үмүтүн үзбөй жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан